КӨЗДӨН ДАЛДА БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу, карааны үзүлүү. Кокус чоң эне көздөн далда болду дегенче, тоо түбүн көздөй карды жыңайлак кечип чуркап барып кайра келебиз (Жусупов). Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далда болду (Жантөшев). 2. Жашырынуу, көрүнбөй, билинбей калуу, байкалбоо. Жылдызкан айла болсо акырын чыгып көздөн далда болууну ойлоду (Байтемиров). Көз ачып-жумганча, байкатпай көздөн далда болду («Ала-Тоо»).